Суббота, 18 мая

Индияда «помидор тумоосу» жайылууда

0

Индиянын Керала жана Одиша облустарында 82 баладан «помидор тумоосу» аныкталды.

The Lancet журналы тарабынан жарыяланган отчетто, бул учурлардын биринчи жолу Керала облусунун Коллам шаарында көрүлгөнү айтылды.

Отчетто вирустун Анчал, Арьянкаву жана Недуваттур аймактарында 5 жашка чейинки балдарда байкалганы кабарланды.

Одишада 1-9 жаштагы 26 балада инфекция аныкталып, жуктургандардын саны 82ге жетти.

Адистер вирустун оңой жайылып кете турганын эскертишти.

Атын теридеги кызыл ыйлаакчалардан алган “помидор тумоосу” кызарып, дене табы көтөрүлүп, муундар ооруйт.

Азырынча ооруну дарылоо ыкмасы жок экени айтылууда. 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз