Воскресенье, 5 мая

Латвия СССР убагындагы эстеликти алып салат

0

Латвия Кызыл Армиянын нацисттерди жеңгенин символдоштурган СССР убагындагы эстеликти алып салаарын жарыялады.

Аткаруучу директор Янис Ланге билдирүүсүндө, 1985-жылы курулган эстелик техникалар менен талкаланып, жардыргыч зат колдонулбастан алынып салынат.

Мындай чечим, Эстониянын коомдук тартипти себеп көрсөтүп совет доорунан калган эстеликти алып салуу чечиминен көп өтпөй кабыл алынды.

Бир тараптан Латвия-Орусия Биримдиги аталган чечимге каршы акция өткөрө турганы кабарланды.

Балтика маалымат агенттигинин билдирүүсүндө эстеликтин бузулушуна жол бербөө үчүн 10 миң колдун чогултулаары белгиленди.

Орусия менен 214 чакырым чек арасы бар Латвия дагы көптөгөн орус жарандарынын мекени.

Жыл сайын 9-майда орусиялык жарандар эстеликтин тегерегине чогулуп, Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңишин белгилөө үчүн гүл коюшат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз