Понедельник, 6 мая

Россияда каза болгондордун сөөгү туулган айылдарына алып келинди

0

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 23-августта саат 23:55те Россияда жол кырсыгынан каза болгондорду кичи мекенине жеткирди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сөөктөр туугандарына өткөрүлүп берилди.

Маркумдардын сөөгүн алып кетүүгө «Ош» аэропортуна жакындары жана президенттин Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы өкүлдөрү, өкмөт мүчөлөрү жана ӨКМдин кызматкерлери барган.

Белгилей кетсек, Россияга ӨКМ жетекчиси Бообек Ажикеев министрликтин куткаруучулары менен барып келди. Ал маркумдардын сөөгүн аныктап, аларды мекенге алып келүүдө Россиянын ӨКМи жана жергиликтүү бийлиги менен чогуу бир топ машакаттуу иш алып барышканын белгиледи.

Андан сырткары, президенттин тапшырмасы менен өкмөт мүчөлөрү маркумдардын туулган айылдарына барып, тажияларына катышуу үчүн кошо кетишти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз