Воскресенье, 24 ноября

Сот Равшан Жээнбековду Литвага жибербей койду

0

Саясатчы Равшан Жээнбеков Биринчи май райондук соту анын чет өлкөгө барып келүү арызын канааттандырбай койгонун билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасына ага оппозиция лидерлеринин бир катары Вильнюстагы «Эркин Орусия» конгрессине катышууга чакыруу келгенин, иш-чара 31-августтан 2-сентябрга чейин өтөрүн, ал жакта «Орусиянын Борбор Азиядагы саясаты» деген темада баяндама жасаганы жатканын жазды. Саясатчы эми жыйынга онлайн катышып, баяндама жасарын кошумчалады.

Равшан Жээнбеков 2019-жылы Кой-Таш окуясына байланыштуу камалган. 2020-жылы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда бошотулган. Бирок «үй камагынын талаптарын бузду» деген негизде былтыр 5-августта кайра №1 тергөө абагына камакка алынган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз