Четверг, 21 ноября

Түркия өзүнүн электромобилин октябрда массалык түрдө өндүрө баштайт

0

Түркия өзүнүн Togg унаасын быйыл 29-октябрда массалык түрдө өндүрө баштайт. Акыркы маалыматтарга ылайык, 100 пайыз жергиликтүү өндүрүшкө таянган бул унааны сатып алуучулар азыртадан кезеке тура баштады.

Муну менен катар Түркиянын Автоунаа Демилге тобу (Togg), Smart_IX программалык камсыздоо компаниясы менен бизнестик өнөктөштүк келишимине кол койгонун жарыялады. Бул темага байланыштуу Тоггдун расмий Твиттер баракчасындагы билдирүүдө: «Колдонуучу тажрыйбасында жасалма интеллект тарабынан колдоого алынган чечимдерди сунуш кылган @SMART_iX менен түзгөн стратегиялык кызматташтыгыбыздын негизинде биз мобилдүүлүк экосистемабызды кеңейтип, «Акылдуу жашоо» кызматтарыбыздын коопсуз, тез жана экологиялык жактан таза болушун камсыздайбыз», — деп айтылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз