Суббота, 21 сентября

Кара-Кулжада жаш кыз дарыяга агып өлдү

0

Ош облустук милициядан тастыкталган кабар боюнча 22-апрель күнү Тар дарыясында балык кармап жаткан киши райондук милицияга чалып, аял киши агып бара жаткандыгын билдирген.

Ал киши дарыяга жакын жайгашкан Кеңеш айылынын жашоочуларынын жардамы менен кыздын сөөгүн суудан алып чыгышкан. Маркум 29 жаштагы Кеңеш айылынын тургуну экендиги белгилүү болду. Ал буга чейин психикалык жактан жабыркап, атайын каттоодо турган. Окуя болгон күнү кызды туугандары таппай, издей башташкан.

Жакындары кыздын денесин соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышты. Кыздын энеси Россияда эмгектенгендиги жана ал атасы жана бир туугандары менен чогуу жашагандыгы белгилүү болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз