Пятница, 20 сентября

С. Жээнбеков «Бир алкак – бир жол» форумуна катышуу үчүн Пекинге учуп кетти

0

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-апрелде «Бир алкак – бир жол» эл аралык кызматташтыктын Экинчи форумуна жана «Дүйнөлүк бак өстүрүү — 2019 көргөзмөсүнө” катышуу үчүн Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарына жумушчу визит менен учуп кетти. Бул тууралуу Президент Аппаратынын маалыматтык саясат кызматы билдирди.
Визиттин алкагында Мамлекет башчысы КЭР Төрагасы Си Цзиньпин, ККП Борбордук Комитетинин саясий бюросунун Туруктуу комитетинин мүчөсү Ван Хунин, бизнес-компаниялардын жетекчилери жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушат.
Андан тышкары, ал Эл аралык көргөзмө борборунда Кыргызстандын жана Кытайдын көргөзмө павильондорун көрөт, делегациялардын башка жетекчилери менен бирге “Достук оазиси” гүлбакчасында дарак отургузат.
Президентти коштоп кеткен Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы төмөндөгүдөй:
Айдарбеков Чыңгыз Азаматович, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри; Сыдыков Данияр Батырович, Кыргыз Республикасынын Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы; Бактыгулова Канайым Джумадиловна, Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси; Панкратов Олег Михайлович, Кыргыз Республикасынын Экономика министри; Мурашев Нурбек Мурпазылжанович, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри; Бейшенов Жанат Саматович, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз