Воскресенье, 19 мая

Орусияда 6 альпинист аскадан учуп каза болду. Калгандары изделүүдө

0

Орусиянын Камчатка жарым аралындагы Ключевская Сопка жанар тоосуна чыккан 12 альпинисттен 6 киши бийиктиктен кулап каза болду.

Шейшемби күнү тоого чыга баштаган 12 кишилик топтун жардам сигналдарын кечээ алган Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги издөө-куткаруу иштерин баштады.

Экөө гид болгон 12 адамдын үчөө 3300 метрге орнотулган лагерде калып, жөө жүрүштү жарым жолдо таштап кетишкен. 4150 метр бийиктикте аскадан кулаган альпинисттердин 5и каза болду, 4 адам жарадар болгон.

Ооруканага жеткирилип жатканда эс-учун жоготкон альпинисттин өлүмү менен окуяда каза болгондордун саны 6га жетти.

Жүрүштү үзгүлтүккө учураткан 3 альпинисттин куткаруу унаалары менен турган жеринен алынып, көзөмөлгө алынганы белгилүү болду.

Окуя боюнча иликтөө иштери башталды.

Чокуга чыккан 5 альпинист Орусиянын Туризм министрлигинде катталганы менен башка альпинисттердин лицензиясы жок экени айтылып, окуяга шалаакылык менен мамиле кылган мамлекеттик кызматкерлер да текшерилери айтылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз