Вторник, 7 мая

Элдик Курултайга Бишкектин делегаттары 10-октябрда шайланат

0

Элдик курултайга делегаттарды шайлоо үчүн Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын курултайы 2022-жылдын 10-октябрында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” токтомунун долбоорунда айтылат.

Токтомдун долбооруна ылайык, курултайда эки маселе каралат:

— Бишкек шаарынын мэринин 2022-жылдын 1-жарым жылдыгы үчүн отчету;

— КР Элдик курултайына делегаттарды шайлоо жөнүндө.

Бишкек курултайына 500 делегат чакыруу пландалууда:

Ленин району — 125 делегат;

Октябрь району — 140 делегат;

Биринчи май району — 101 делегат;

Свердлов району – 134 делегат.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Өз кезегинде, алдын ала маалымат боюнча, биринчи Элдик курултайды 25-ноябрда Бишкекте өткөрүү пландалууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз