Вторник, 3 декабря

Бишкектин борборунда митингге салынган тыйуу декабрга чейин узартылды

0

Бишкектеги Биринчи май райондук соту борбордук аянтта, өкмөт үйүнүн, Жогорку Кеңештин жана Улуттук коопсуздук комитетинин имаратынын алдында нааразылык акцияларын өткөрүүгө тыюунун мөөнөтүн 1-декабрга чейин узартты. Митингдерди Максим Горький атындагы гүлбакта гана өткөрүүгө уруксат берилет. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Биринчи май райондук соту ушул жылдын апрель айында шаардын борборунда тынч жыйындарды өткөрүүгө 1-сентябрга чейин тыюу салган. Анда сотко аталган райондун акимчилиги «ар кандай калайман башаламандыктардын, тополоңдун алдын алуу максатында» деген жүйө менен кайрылганы белгилүү болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз