Понедельник, 6 мая

Орусиянын Кабулдагы элчилигинин бутага алынышы эмнеден кабар берет?

0

Ооганстанда Орусиянын Кабулдагы элчилигинин жанында болгон жанкечтилик кол салууда 4 карапайым адам жана элчиликтин 2 орус жараны каза болду.

Талибан башкаруучулугунун Кабул полиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Халид Задран басма сөзгө жасаган билдирүүсүндө, жанкечти Орусиянын Кабулдагы элчилигинин жанында өзүнө тагылган бомбаны жардырганын айтты. Задран кол салууда элчиликте иштеген 4 жаран менен 2 орус жаранынын каза болгонун, көп сандаган жарандын жараланганын белгиледи.

Задран кол салууга байланыштуу аймакта кеңири масштабдуу иликтөө башталганын белгиледи.

Окуяга күбө болгондор кол салуунун Орусия элчилигинин алдында виза процедурасын күтүп жаткан элдин арасында жасалганын айтышты.

Бул кол салуу Украинадагы согуштун айынан Орусия менен Батыштын ортосундагы тиреш күчөгөн мезгилге туш келди. Батыштын көзөмөлүндөгү топтор Орусиянын чет өлкөлөрдөгү жарандарына жана мекемелерине кол салышы мүмкүн деген божомолдор да айтылууда. Айрым эксперттер, азыркы доордо саясий тирештерди чечүүдө террордук топтор байма-бай колдонулуп келээрин эске салышууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз