Видео. Жапаровдун брондолгон Suburban унаалары талкууга түштү

0

Социалдык колдонуучулар соңку күндөрү президент Садыр Жапаровдун кортежинде 2021-жылкы Chevrolet Suburban үлгүсүндөгү эки брондолгон жолтандабас жүргөнү тууралуу жазып, бул унаалар кайдан келгенин талкуулашкан.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «машиналарды өнөктөштөр алып берген жана атайын унааларды алууга мамлекеттик казынадан каражат кеткен эмес» деп жооп берди.

Брондолгон унаалардын баасы 150 миң доллардан башталып миллиондогон долларга чейин чыгышы мүмкүн. Брондолгон 2021-жылкы Chevrolet Suburban унаанын базар баасы так белгилүү болбосо да, 400 миңдин айланасында деп болжолдонууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз