Воскресенье, 5 мая

Орустар чегинүүдөбү? Украина 3 конушту кайтарып алды

0

Украинанын президенти Владимир Зеленский 3 конуш орус аскерлеринен кайтарылып алынганын билдирди. Зеленский Украинанын түштүгүндө эки жана чыгышында бир жалпысынан 3 конуш орус күчтөрүнөн кайтарылганын белгилеп, Украинанын коопсуздук күчтөрүнө ыраазычылык билдирди.

Украинанын президенти кайтарылып алынган конуштар кайда экени тууралуу маалымат бербесе да, ал конуштар Херсондун Високопиля айылы менен Донецктин Озерне айылы деп болжолдонууда.

Зеленский Орусия 2014-жылы мыйзамсыз аннексиялап алган Крым маселесине да токтолду. Ал: «Украина желеги жана эркин жашоо Крымга кайтып келет деп ишенем. Биз бардык жерлерибизди, элибизди бошотобуз. Бул үчүн украин армиясы, чалгындоо кызматы, атайын кызматтарыбыз керектүү кадамдарды жасап жатат. Бул кадамдарды уга аласыздар. Баскынчылар Крымдан качып чыга башташты, бул алар үчүн эң туура тандоо»,-деди.

29-августта украин армиясы өлкөнүн түштүгүндөгү Херсон облусунда орус аскерлерине каршы контрчабуулга өткөнүн жарыялаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз