Пятница, 20 сентября

Газ менен жүрүүчү 60 автобус алып келинди

0

Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жаратылыш газ менен жүрүүчү 60 автобус сатып алынды. Президент Сооронбай Жеенбеков жана шаар мэри Азиз Суракматовдун катышуусунда автобустардын презентациясы болуп өттү. Мэрдин айтымына караганда бул автобустар экологиялык жактан зыянсыз жана абдан үнөмдүү экен.

 Суракматов жаңы автобустардын өзгөчөлүгү анын чоң жана бийиктиги, автобустун ичинде сегиз камера бар экендигин кошумчалап айтып өттү.

«Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын башкы директорунун кеңешчиси Арзымат Алдаяровдун айтымы боюнча Кыргызстанда акыркы жылдары газ менен жүрүүчү автотранспорттор абдан көбөйүүдө.

Автобустар 29-апрелден баштап ишке чыгат жана №36 жана №48 маршруттук линия боюнча иштейт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз