Пятница, 20 сентября

Уран кенин иштетүүгө тыюу салынды

0

«Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясына Кызыл-Омпол кени боюнча берилген лицензия кайтарып алынды жана кенди иштетүүгө толук тыюу салынды.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өз билдирүүсүндө төмөндөгүдөй деди: «Мен расмий түрдө айтып жатам, уран кенин иштетүү жабылды. Алардын колунда уран кенин иштетмек турсун, чалгындоо жүргүзгөнгө да акысы жок. Лицензияны кайтарып алдык. Лицензия жок болгондон кийин кандай иш жүрсө да ал мыйзамсыз».

Кызыл-Омпол уран кенинин иши 22-апрелде убактылуу токтотулган. Кечее, 25-апрелде Кубатбек Боронов, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин жетекчиси Эмил Осмонбетов, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамов, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын жетекчиси Жолдошбек Жунушов жергиликтүү эл менен жолугушуу үчүн Тоң районуна барышты.

24-апрелде парламентте премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев уран кенин иштеп жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы 2004-жылы каттоодон өткөнүн жана 2010-жылы кенди геологиялык изилдөөгө уруксат алганын, 2012-2014-жана 2015-жылы лицензиялык келишим узартылганын жана ошол учурда келишимге кол койгон жетекчилер уран иштетилерин билгенин айткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз