Пятница, 17 мая

Армян аскерлери Азербайжандын аймагын аткылады

0

Армян аскерлеринин Азербайжандын Келбежер жана Лачын багытындагы турумдарына ок чыгарганы маалымдалды.

Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө: «6-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:50дөн 01:20га чейин Армениянын куралдуу күчтөрү Басаргечердеги Шоржа жана Нораван калктуу конуштары багытындагы позициялардан Келбежер жана Лачын районунун Ахмедли конуштарындагы позицияларга мезгил-мезгили менен ар түрдүү калибрдеги куралдар менен ок чыгарышты», — деп айтылды.

Билдирүүдө Азербайжан армиясынын да жооп кайтаруу иретинде ок атканы белгиленди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз