Суббота, 18 мая

КММАнын онкологдору акысыз консультация жана текшерүү өткөрөт

0

Бүгүн, 10-сентябрда саат 10:00дөн баштап КММАнын Республикалык диагностикалык борборунда жарандар ар кандай багыттагы онкологиялык оорулар боюнча жеке текшерүүдөн жана консультациядан өтө алышат.

 Бул тууралуу академиянын басма сөз кызматы билдирет.

КММАнын Республикалык диагностикалык борборунда ректор Индира Кудайбергенова жетектеген университеттин онкология кафедрасы бейтаптарга акысыз консультацияларды жана текшерүүлөрдү жүргүзүп келет.

«Бир гана күнү бейтаптар биздин борбордо профессор, онколог И.О. Кудайбергенова менен жеке жолугуп, алардын оорулары боюнча кеңешип, онкологиялык ооруларды дарылоо боюнча сунуштарды ала алышат жана рак менен күрөшүүнүн ыкмалары менен тааныша алышат», — деп билдирет КММА.

Акциянын алкагында онкологдордун консультациялары жана текшерүүлөрү төмөнкү багыттар боюнча да жеткиликтүү:

урология;

маммология;

гинекология;

проктология;

дерматология;

эндокринология;

гастроэнтерология;

гематология.

Байланыш үчүн дарек: Киев к., 27/1. Байланыш телефондору: 0312 43 54 23, 0500 43 54 23, 0550 43 54 23, 0777 43 54 23″.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз