Пятница, 10 мая

Жапаров чехиялык делегация менен жолугушту

0

Акылбек Жапаров Чехия парламентинин депутаттарынан турган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров белгилегендей, Кыргызстан менен Чехияны мурдатан келе жаткан тарыхый байланыштар бириктирип турат.

«Чехословакиялык «Интергельпо» кооперативинин биздин өлкөбүздү индустриялаштырууга кошкон салымын эске алуу жетиштүү. Чехословакиялык көрүнүктүү саясий жана коомдук ишмерлер Юлиус Фучик жана Александр Дубчек да ата мекендик тарыхыбызга байланышы бар. Бишкек шаарында Юлиус Фучик атындагы көчө жана сейил бак бар, ошондой эле Александр Дубчек бир кезде ата-энеси менен чогуу жашаган үй да сакталып калган», — деди ал.

Акылбек Жапаров келерки жылы эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгы белгилене турганын билдирди.

Өз кезегинде Чехия парламентинин депутаттар палатасынын төрагасынын орун басары Ян Бортошек кыргыз тарапка жылуу кабыл алуусу жана чех жарандары мурда жашап жана иштеген жерлерди кыдыруу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушууда тараптар кыргыз-чех эки тараптуу мамилелеринин ырааттуу өнүгүшүнө өбөлгө түзүүчү маселелерди кеңири талкуулашты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз