Понедельник, 6 мая

Кыргызстандык Акжол Махмудов бүгүн беттешке чыгат

0

Бүгүн, 10-сентябрда Белградда күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунун алгачкы күнү кыргызстандык балбан Акжол Махмудов килемге чыгат.

Махмудов килемде 77 килограмм салмактагылар арасында кармашат. Ал Бишкек убактысы боюнча саат 14:30дан тарта күрөшүп баштайт.

Аталган категорияда күч сынаша турган жети балбандын аты-жөнү белгилүү болгон:

Санан Сулейманов — Азербайжан;

Мухаммадали Гераеи — Иран;

Виктор Немеш — Сербия;

Сёхэй Ябику — Япония;

Юнус Эмре Башар — Түркия;

Йосванис Пенья — Куба;

Айк Самвелович Мнацаканян — Болгария.

Белгилей кетсек, бул балбандардын айрымдары менен Акжол Махмудов буга чейин да күч сынашып келген. Алардын көпчүлүгү дүйнө чемпионатынын, Олимпиада оюндарынын байге ээси.

Дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпысынан 15 спортчу катышат, анын үчөө кыздар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз