Четверг, 2 мая

Бүгүн Айсулуу Тыныбекова Дүйнө Кубогунда беттешке чыгат

0

Бүгүн, 12-сентябрда Сербиядагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандык балбандар Айсулуу Тыныбекова жана Жоламан Шаршенбеков килемге чыгат. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында жазылат.

Жоламан Шаршенбеков 60 кг салмакта грек-рим күрөшү боюнча мелдештин 1/8 финалынан баштап катышат. Ал бразилиялык-казакстандык Марат Гарипов менен венгриялык Кристиан Кечкеметинин жеңүүчүсү менен күрөшөт.

Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмакта кыз-келиндер күрөшү боюнча чемпионаттын 1/8 финалынан баштап күчүн сынайт. Тыныбекова венгриялык Биляна Дудова менен франциялык Амелин Дуардын жеңүүчүсү менен килем үстүнө чыгат.

Эскерте кетсек, Акжол Махмудов Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль утту.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз