Садыр Жапаров бүгүн, 12-сентябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө май иштетүүчү заводуна барды. Бул тууралуу президенттин басма сѳз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, президент учурда иш сапары менен Жалал-Абадда жүрөт.
«Май өндүргөн завод көп жылдан бери токтоп турган. 2021-жылдын күзүндө ишкананы оңдоо жана калыбына келтирүү жумуштары башталып, мартта завод иштей баштаган. Март айынан сентябрга чейин ал жакта 900 тонна суу май өндүрүлгөн. Компания пахтаны кайра иштетүүчү заводду да ишке киргизүүнү пландап жатат», — деп жазылат билдирмеде.
Мамлекет башчы заводдун иши тууралуу маалымат алган соң өсүмдүк майын чыгарууда жергиликтүү сырьёну колдонуу, өндүрүлгөн продукциянын сапатын жогорулатуу маселесине токтолгон. Садыр Жапаров тийиштүү мамлекеттик органдарга компаниянын өкүлдөрүнө ишкананын иши жана аны модернизациялоо маселесинде жардам көрсөтүү тапшырмасын бергени кошумчаланды.