Пятница, 22 ноября

Сауд Аравиядан Кыргызстанга инвестициянын келүүсү күтүлүүө

0

Сауд Аравия Падышачылыгы Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууга даяр. Бул тууралуу Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси Улукбек Марипов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын маалыматына караганда, жакынкы арада өлкөнүн Инвестиция министрлигинен жумушчу топ Кыргызстанга иш сапары менен келет.

«Алар өлкөбүзгө келүү менен анын инвестициялык потенциалы, улуттук ири долбоорлор жана эки тараптын кызыкчылыгына төп келген дагы башка багыттары менен жакындан таанышып чыкмакчы. Аталган жумушчу топтун иш сапары боюнча биз Сауд Аравия Падышалыгынын инвестиция министринин орун басары Бадр бин Ибрахим Аль-Бадр менен болгон жолугушууда макулдаштык. Андан сырткары, биз жолугушууда алдыда боло турган кыргыз-сауд бизнес форуму жөнүндө жана эки тараптуу ишкерлик кеңешин түзүү тууралуу сүйлөштүк», — деди элчи.

Марипов кошумчалагандай, эки өлкөнүн энергетика, айыл чарба, логистика, туризм жана башка көптөгөн тармактар боюнча кызматташууну өнүктүрүү үчүн потенциалдары абдан чоң.

«Биргелешкен долбоорлордун бир бөлүгү ишке ашырылып жатат. Ошондой эле бул арада Сауд Аравия тарап өзүн ишенимдүү өнөктөш жана инвестор катары көрсөтө алды», — деди Улукбек Марипов.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз