Пятница, 17 мая

Азербайжан менен Армениянын чек арасында атышуу башталды

0

Азербайжан менен Армениянын чек арасында кырдаал кайрадан курчуду. Азербайжандын Коргоо министрлиги Армениянын диверсиялык күчтөрү алар жүргөн аймакка мина койгонун жана тиешелүү жооп кайтарылганын билдирип, алар тараптан дагы жоготуулар болгонун кошумчалады.

Ал эми Армениянын Коргоо министрлиги Азербайжан тарап шейшембиге караган түнү оор артиллерия, учкучсуз аппараттарды жана миномётторду колдонуп Армения аймагын аткылаганын кабарлаган. Учурда абал курч, армян тарапта каза болгондор жана жарадарлар бар экени айтылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз