Пятница, 22 ноября

Баткен: Чек арада абал туруктуу

0

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматы 21-сентябрь, саат 9:00га карата кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тынч экенин маалымдады.

«Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал чыңалуу элементтери сакталуу менен салыштырмалуу туруктуу. 20-сентябрдан 21-сентябрга караган түн тынч өттү, терс окуялар катталган жок», — деп жазылган маалыматта.

Чек ара кызматы 20-сентябрдан тартып кыргыз-тажик чек арасын жарылбай калган ок-дары, мина, снаряд жана башка жардыргыч заттардан тазалоо жана зыянсыздандыруу иштерин жүргүзүп жатат.

Кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметри күчөтүлгөн режимде кайтарылууда

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз