Суббота, 18 мая

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кыргыз жарандарына кайрылуу таратты

0

Орусиянын Мамлекеттик думасы кабыл алган мыйзамдарга байланыштуу Кыргызстандын Москвадагы элчилиги ал жактагы кыргыз жарандарына кайрылуу таратты.

Элчилик Орусияда жашап, иштеп жүргөн кыргызстандыктар чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге жана куралдуу кагылышууларга катышса, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартыла турганын эскертти. Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесине ылайык согуштук аракеттерге катышкандардын мүлкү конфискацияланып, он жылга чейин камала турганын эске салды.

Эгер Орусиядагы кыргыз жарандарына согуштук аракеттерге катышууга чакыруу келсе, дароо элчиликке кайрылуу керектигин сунуштады.

Бул кайрылуу 21-сентябрда элчиликтин Фейсбуктагы баракчасына жарыяланып, Орусиянын армиясында кызмат өтөө үчүн келишим түзгөн чет өлкөлүктөргө орус жарандыгын жөнөкөйлөтүлгөн жол менен берүүнү камсыздаган мыйзам кабыл алынгандан кийин жасалды.

20-сентябрда Мамлекеттик дума өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексин “мобилизация”, “аскердик абал”, “аскердик мезгил” деген түшүнүктөр менен толуктаган.

21-сентябрда президент Путин Орусияда жарым-жартылай мобилизация жарыялоо жарлыгына кол койгон.

Талдоочулар Мамлекеттик дума кабыл алган мыйзам Орусиядагы мигранттарды армияга тартып, Украинадага согушка жөнөтүүнү көздөй турганын айтып жатышат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз