Пятница, 10 мая

Кыргыз-тажик чек арасынан төрт пост алынат. Протоколго кол коюлду

0

Көзөмөл-өткөрмө посттор алынган кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын көчмө чек ара отряддары көзөмөлдөй турганын УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, кечээ, 25-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткендеги «Кызыл-Бел» бекетинде Тажикстандын УКМК жетекчиси Саймумин Ятимов менен жолугуп, жаңжалды токтотуу, анын кесепеттерин жоюу жана мындан ары жол бербөө максатында протоколго кол койгон. Анда эки тараптан төрттөн постту алып салуу келишилген.

«Алып салынган посттордун имараттары, курулуштар консервацияланат. Мамлекеттик чек араны көчмө отряддар белгиленген жана макулдашылган маршрут боюнча көзөмөлдөйт. Мындан тышкары, жолушууда жаңжал көп тутанган жерлерге видеокамера орнотуу сүйлөшүлдү. Аталган жерлерде калк жашабай турганын белгилей кетүү зарыл», — деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызматы Тамдык (КР) — Бедак (ТР) менен Булак-Башы (КР) — Кех жерлеринде элдин айыл чарба иштерин мурунку нугунда жүргүзүүсү үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бардык шартты түзүп бериши керектигин белгиледи.

Протоколго ылайык аскер техникасын туруктуу жерине кайтаруу иш аракеттери учурда уланып жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз