Суббота, 20 апреля

Султанбаев: Президент министр Бейшеналиевдин кармалганынан кабардар

0

Президент Садыр Жапаров билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев кармалган жагдай тууралуу кабардар. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анда бул ишти ар тараптуу иликтөө камсыз кылынарын белгиледи.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 28-сентябрда кечинде Бейшеналиев пара алуу фактысына байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген. Анда «чет өлкөлүк студенттерди атамекендик жогорку окуу жайларына кабыл алууда өзгөчө ири өлчөмдө (110 миң доллар) пара алуу фактысы иликтенип жатканы»,- жазылган.

ИИМ иликтөөнүн жыйынтыгы тууралуу толук маалымат кийинчерек берилерин белгиленген.

Бейшеналиев жана анын жакындары, жактоочулары азырынча комментарий бере элек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз