Суббота, 4 мая

«Бүтүн Кыргызстан» Дайырбек Орунбековду сындады

0

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы президенттин администрациясынын маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбековдун президенттин Өзгөндө эл менен жолугушуусу тууралуу түшүндүрмөсүндөгү «жолугушууда Адахан Мадумаровдун тарапташтарына чейин сөз берилди» деген сөзүн сынга алды.

Партиядан белгилешкендей, президенттин маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков тараткан билдирүүсү анын компетентсиз жана сабатсыз экендигин билдирет.

«Бүгүн, 4-октябрь күнү Ош облусунун Өзгөн районунда президент жана Жогорку Кеңешинин депутаттары «Кемпир-Абад» суу сактагычынын айланасында болуп жаткан окуялар боюнча эл менен жолугушуусу өтүп жатат. Ал жолугушууга даярдалган адамдар алдын ала имаратка киргизилип, карапайым эл көчөдө калган.

Президенттин маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков жыйын өтүп жаткан учурда одоно түрдө элди бөлүп-жарып, жыйынга кирбей калган жарандарга, түз эфир аркылуу чагылдырып жаткан ЖМК өкүлдөрүнө ишенбөөгө чакырып, өзүнүн фейсбук баракчасы аркылуу тараткан маалыматы бүтүндөй элдин көңүлүн ирээнжитти», — деп айтылат маалыматта.

Партия Орунбековду элди “Мадумаровдун тарапташтары” деп бөлбөөгө чакырган.

«Урматтуу» азаматтар, силерге жана кожоюндарыңарга эл биринчи, экинчи, үчүнчү сорт же болбосо Мадумаровдун тарапташтары же башканын тарапташтары деп бөлүнсө, биз үчүн баары бир эл!», — деп билдирет партия.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз