Суббота, 18 мая

Эскертүү! Кар жаайт

0

5-октябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Жалал-Абад облусунда жана Ош, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 17…22;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8°, күндүз 18…20° жылуу болот.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз