Воскресенье, 5 мая

Астанадагы жолугушуу. Жапаров менен Рахмон керек болсо учурашкан жок

0

Казакстандын борбору Астана шаарында Кыргызстан, Орусия жана Тажикстандын президенттери Садыр Жапаровдун, Владимир Путин, Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу болду.

Анда кыргыз-тажик чек ара маселеси талкууланганын Жапаровдун басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, мамлекет башчысы орус президентине биргелешкен жолугушууну өткөрүү демилгеси, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселелеринде көмөк көрсөтүүгө даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирген. Ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн соңку кырдаалга кеңири токтолгон.

«Ал кыргыз тарап талаштуу маселелерди тынчтык жолу жана саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү зарылчылыгы боюнча өзгөрүүсүз позицияны карманарын белгилеп, тажик тараптын куралдуу агрессиясынын кесепеттерин эске салды. Жапаров ошондой эле Кыргызстан кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгын эки тарапка тең пайдалуу болгудай кылып тез арада калыптандырууга ынтызар экенин, бул туруктуулуктун жана ынак коңшулуктун кепили боло тургандыгын белгиледи», — деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Мунун менен катар бул жолугушуу башталаар алдында Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмондун кол алышпаганы байкалды. Экөө ооз эки да учурашкан жок.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз