Четверг, 9 мая

Эрдоган менен Токаев биргелешкен билдирүү таратты

0

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган менен Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына байланыштуу биргелешкен билдирүү жарыялашты.

Эрдоган менен Токаевдин жетекчилигинде Казакстандын борбор шаары Астанадагы Акорда сарайында кечээ өткөрүлгөн жолугушуулардан кийин Түркия-Казакстан карым-катнаштарынын 30 жылдыгына байланыштуу биргелешкен билдирүү жарыяланды.

16 беренеден турган билдирүүдө, эки өлкөнүн ортосунда көптөгөн темада биргелешкен иштердин арттырылары белгиленди.

Транспорт тармагында Транскаспий багыты менен Баку-Тбилиси-Карс жолунун эффективдүү пайдаланылышы үчүн координациялоо аракеттеринин активдештириле турганы баса белгиленген билдирүүдө, террор менен күрөшүү темасына да басым жасалып: «Эки өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурган бардык структураларга каршы күрөштү күчтөндүрүү темасында макулдашуу түзүлдү», — деп айтылды.

Билдирүүдө коргоо өнөр жайы, билим берүү, экология жана токой чарбасы тармактарында биргелешип иштөө мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу үчүн келишим түзүлүп, эл аралык уюмдарда өз ара кызматташтыктын улана турганы да маалымдалды.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз