Четверг, 2 мая

Видео. Бишкек–Ош жолунда 7 адам каза болду

0

Бишкек–Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 7 адам каза болду, арасында милиция жана Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлери бар.

“Кабар” агенттигине Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, кырсык Бишкек – Ош жолунун 210-чакырымында Ала-Бел ашуусунда болгон. Анда “Мерседес-Бенц” жана “Хонда Стрим” унаалары сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен 7 адам каза болду, анын ичинен Бишкек шаардык Октябрь райондук милициясынын кызматкери, милициянын майору К.Т.Б., андан тышкары, Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №1 мекемесинин кызматкери С.у.Н. – “Мерседес-Бенцтин” айдоочусу бар.

Башка каза болгондор:

— 1949-жылы туулган жубайлар – О.К. жана И.К.

— “Хонда Стримдин” айдоочусу 1987-жылы туулган К.М.Д.

— 1965-жылы туулган аял К.Ф.Б.

— 2001-жылы туулган кыз У.К.С. жандандыруу бөлүмүндө көз жумган.

Ошондой эле ооруканада жаракат алган эки кыз КР ИИМ Академиясынын курсанты Б.А.Ж. 2003-жылы туулган кыз Б.А.Т. 2016-жылы туулган.

https://youtube.com/shorts/M4tHoOwPCcI?feature=share

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз