Пятница, 17 мая

Элчилик: Кыргызстандын жарандарын башка мамлекеттер аскерге чакыра албайт

0

Кыргызстандын жарандары чет мамлекеттин аймагында аскердик кызматка чакырылышы мүмкүн эмес. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Элчилик жалпыга маалымдоо каражаттарында Россиянын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарын аскердик кызматка чакыруу жөнүндө тарап жаткан маалыматтарга байланыштуу төмөндөгүлөрдү билдирет: «Кыргыз Республикасынын жарандары чет мамлекеттин аймагында аскердик кызматка чакырылышы мүмкүн эмес. Орусия Федерациясында убактылуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан чакыруу кагаздары жаңылыш түрдө алынган учурда, Элчилик рооссия тарабы менен биргеликте кырдаалды жөнгө салууга көмөк көрсөтөт».

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз