Воскресенье, 5 мая

НАТОнун баш катчысы: Ядролук кол салуунун кесепети оор болот

0

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг: «Ядролук куралдын колдонулушу, Орусия-Украина жаңжалынын маңызын түп тамырынан бери өзгөртүп, оор кесепеттерге алып келет»,- деди.

НАТОнун коргоо министрлеринин эки күндүк жыйынынын соңунда маалымат жыйын өткөргөн Йенс Столтенберг, министрлердин Украинага колдоону арттыруу, блоктун тоскоолдугун күчөтүү, көбүрөөк активдүүлүк, ийкемдүүлүк жана чалгындоо менен НАТОнун маанилүү инфраструктурасын коргоо боюнча макулдашкандарын айтты.

Шериктештердин кечээ эртең менен Ядролук пландоо тобунун кезектеги жыйынына катышкандарын белгилеген Столтенберг, бул темада кеңешүүнүн жана координациялоонун маанисине көңүлдөрдү бурду.

Столтенберг: «Путиндин өзөктүк риторикасы кооптуу жана жоопкерчиликсиз. Биз Путиндин өзөктүк коркутуусуна олуттуу мамиле жасайбыз. Өзөктүк куралды колдонуу жаңжалдын маңызын түп тамырынан бери өзгөртөт жана олуттуу кесепеттерге алып келет»,-деди.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз