Суббота, 27 апреля

ТМУнун министрлери кезексиз жыйынга чогулду

0

Түрк Мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезексиз жыйыны Стамбулда өттү. Келээрки айда Самаркандда боло турган TМУ Саммитин утурлай өткөн кезексиз жыйынга Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев да катышты. Жыйында сөз сүйлөгөн Түркияынын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Ковид-19 эпидемиясынын жаралары жазыла электе, Украинадагы согуштун таасиринен солкулдашкандарын жана согуш менен сынашкандарын белгилеген Чавушоглу, глобалдык ырааттуулук жана бакубаттуулуктун коркунучта экенин, энергетика жана азык-түлүк бааларынын өсүп жатканы бүткүл дүйнөгө коркунуч келтиргенин баса белгиледи.

Чавушоглу Түрк дүйнөсү катары бул окуялардан түздөн-түз таасирленгендерин белгилеп: «Бүгүн биз бул окуяларды карап чыгабыз жана биргелешкен кадамдарга баа беребиз. Айланабыздагы кризистердин алдын алуу үчүн аракет кылуу менен бирге келечекке күчтүү көз карашты да алдыга коюшубуз керек. Аймагыбызды стабилдүүлүк аралына айландыруунун жана элибиздин жыргалчылыгын жогорулатуунун жолу– ынтымагыбызды чыңдоо менен болот. Биримдигибизди чыңдоонун жолу болсо– өз убагында туура кадам жасоо, кайраттуулук менен кадам таштоо», — деп айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз