Четверг, 2 мая

47 миң кыргызстандык Орусиянын “кара тизмесинен” чыгарылды

0

КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев министрликтин 2021-жылдын октябрь айынан 2022-жылдын октябрь айына чейинки аралыктагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип жатып, Орусия Федерациясы тарабынан Кыргызстандын 47 миң жаранын миграциялык амнистиялоо чечими кабыл алынганын билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан бул маселени көп жылдан бери көтөрүп келген.

“Аталган маселе көп убакыттан бери президенттердин, өкмөт башчыларынын жана министрлердин деңгээлинде көтөрүлүп келген. Жыйынтыгында ушундай чечим кабыл алынды”, — деди ал.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз