Понедельник, 20 мая

Бишкек шаарына эртеңден баштап жылуулук берилет

0

Эртең, 26-октябрдан тарта Бишкек шаарында жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын ЖЭБине, «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун филиалына, «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасына, ведомстволук отканалардын жетекчилерине жылуулук жабдууларын, жылуулук тармактарын ишке киргизүүнү жана жылуулукка кошууну камсыз кылуу тапшырылды.

Алгач:
— ооруканалар, балдар бакчалары, мектептер, төрөт үйлөр жана социалдык коргоо мекемелери;
— объекттин кышкы шарттарда иштөөгө даярдыгынын актысы бар турак жай имараттарына, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерине жылуулук берилет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз