Понедельник, 20 мая

Токмок шаарындагы мал базардан карыянын 120 миң сом акчасын уурдады делген адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, ал Токмок шаарынын Г.У. аттуу 39 жаштагы тургуну болуп чыккан.

«Кармалган адам уурдап алган 120 миң сомун тергөө органдарына өткөрүп берди. Ал акча жабырлануучуга берилет. Шектүүгө уурулук беренеси менен айып тагылып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, окуя 16-октябрда болгон. Токмоктогу мал базарга баласынын ашына жылкы алганы келген аксакал акчасын уурдатып жиберген. Карыянын кайгысына кайдыгер карабагандар ошол эле жерден 115 миң сом чогултуп беришкен. Окуянын видеосу социалдык тармакка тарап, коомчулукта талкуу жараткан.

Аталган факт Токмок ШИИБдин бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси («Уурулук») боюнча кылмыш иши козголгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз