Воскресенье, 19 мая

Атай Бейшенбек эки айга камалды

0

Активист Атай Бейшенбек 20-декабрга чейин камакка алынды. Чечимди 25-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Массалык башаламандык уюштурууга даярданган деп шек саналган Атай Бейшенбек өзүнө коюлган айыпты «акылга сыйгыс» деп баалап, сот чечимин мыйзамсыз деп атады. Сот залынан президент Садыр Жапаровго кайрылып, басым-кысымды токтотууга чакырды.

Атай Бейшенбек массалык башаламандык уюштурууга шек саналып кармалган башка активисттер менен, саясатчылар менен жолукпаганын билдирди.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчылар жана активисттер 23-октябрда кармалып, дээрлик баары эки айга камакка алынды.

Ички иштер министрлиги (ИИМ)билдиргендей, аларга Кылмыш жаза кодексиндеги “Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу” беренеси (36, 278) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз