Воскресенье, 5 мая

Орусия ядролук куралдарды алып жүрүүчү ракеталар менен машыгуу өткөрүүдө

0

Орусиянын өзөктүк курал менен машыгууларды өткөрүп жатканы кабарланууда.

Орусия президентинин аппаратынан жасалган билдирүүдө Орусиянын президенти Владимир Путиндин өзөктүк курал менен машыгууга интернет аркылуу байкоо жүргүзгөнү белгиленди.

Билдирүүдө, «Плесецк космостук базасынан «Ярс» континенттер аралык баллистикалык ракетасы жана Баренц деңизинен «Синева» баллистикалык ракетасы Камчаткадагы Кура полигонуна учурулду. Машыгууга абадан канаттуу ракеталарды учурган «Ту-95МС» үлгүсүндөгү алыс аралыкка учуучу учак да катышты», — деген маалыматтар камтылган.

Стратегиялык бөгөтчүл күчтөрдүн машыгуусу өз максаттарына ийгиликтүү жеткени баса белгиленген билдирүүдө: «Бардык ракеталар өздөрүн далилдеп, белгиленген максаттарга жетишти», — деп айтылган.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун Путинге машыгуу тууралуу маалымат бергени белгиленди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз