Пятница, 10 мая

Видео. Жети миллионунчу болуп төрөлгөн Жакшылыкка арналып ыр жазылды

0

Кыргызстандын жети миллионунчу жашоочусу Жакшылык төрөт үйүнөн чыгарылды. Бул тууралуу видеону министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов соцтармакка жарыялады.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын жети миллионунчу жашоочусу Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрда таңкы саат 2:10до төрөлгөн.

7 миллионунчу кыргызстандык фермер Валижан Абдурасуловдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Апасы — Айжаркын Сыраждинова, 1982-жылы туулган. Бул анын төртүнчү баласы. Ымыркайдын салмагы 3,9 кг, бою 54 см.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын 7 миллионунчу наристенин ата-энесин телефон аркылуу куттуктап, балага чың ден соолук, узун өмүр каалаган. Баланын энеси куттуктоолор үчүн ыраазычылык билдирип, мамлекет башчыдан жаңы төрөлгөн баласына ысым берүүнү өтүндү. Президент Садыр Жапаров 7 миллионунчу кыргызстандыкка өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүн билдирген Жакшылык ысымын берүүнү сунуштады.

Белгилей кетсек, Жакшылыктын депозиттик эсебине мамлекеттен 1 миллион сом которулуп, ал аны жашы жеткенде өз муктаждыктарына колдоно алат.

Ал эми өлкөнүн алты миллионунчу жараны Айлин Кожошева 2015-жылдын 25-ноябрында Ош шаарында, беш миллионунчу жараны Тынчтыкбек Курамаев 2002-жылдын 27-августунда, төрт миллионунчу жараны Каныкей Кайыпова 1985-жылдын 27-майында Ош облусунун Кара-Суу районунда төрөлгөн.

Ошентип, жети миллионунчу жаран менен алты миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 7 жылды, алты миллионунчу жаран менен беш миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 13 жылды, ал эми беш миллионунчу жаран менен төрт миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 17 жылды түздү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз