Понедельник, 20 мая

Фото. 70 жыл жуунбаган адам жуунган соң каза болду

0

Иранда  70 жылдан кийин биринчи жолу жуунган адам каза болду.

Фарс аймагындагы Ферашбенд шаарына караштуу Дежрах айылында тазалана турган болсо ооруп каларына ишенген жана 70 жылдан бери жуунбаган «Ажы байке» лакаптуу 94 жаштагы адам жуунгандан кийин каза болду.

Бир канча ай мурда айылдын жаштары аны жуунтууга аракет кылса да картаң адам качып кеткен, бирок көпкө созулган аракеттерден кийин жуунууга көндүрүлгөн. Бирок картаң адам жуунгандан бир канча айдан кийин ооруп жекшемби күнү 94 жашында каза болду. Өмүр бою үйлөнбөй, айылдаштары куруп берген эшиги жок алачыкта отурган карыя сууга түшпөстөн, таза тамак-аштан оолак болуп, ден соолугуна зыян келтирбей жашап келгени айтылат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз