Пятница, 17 мая

Түркия Республикасы 99 жашта

0

Түркия Республикасынын негизделишинин 99- жылы өлкөнүн бардык жеринде кубанычтуу майрамдалууда.

Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигиндеги мамлекеттик кызматкерлер борбор шаар Анкарада Түркия Республикасынын негиздеөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн мавзолейин зыярат кылды.

Эрдоган ал жерде Аныткабирдин атайын дептерине буларды жазды: «Улуу Ататүрк,  бүгүн сиздин жетекчилигиңизде жүргүзүлгөн кыйын жана дастанга айланган  күрөштөн кийин курулган Респуликабыздын 99-жылын белгилеп жатабыз. Сиздин жана шейиттерибиздин аманаты болгон республикабызды түбөлүктүү  жашатуу үчүн иштеп жатабыз. Бул тарыхый күндү өлкөбүздүн электр унаасы болгон ТОГГду өндүрүү ишканасынын ачылышын аткаруу менен белгилөөдөбүз.

Алдыбызга чыгарылган бөгөттөргө карабастан үстүбүздөгү кылымды «Түркия кылымы» кылып, улутубузду кыялына жеткирүү үчүн күрөшүбүздү чечкиндүүлүк менен улантуудабыз. Тынч жатыңыз. Республика майрамы куттуу болсун».

Президент Эрдоган 29-октябрь Республика майрамынан улам президенттик комплексте куттуктоолорду кабыл алат. Стамбул, Анкара жана Измирдеги чоң экрандардан да атайын видеолор берилет. 29-октябрь Республика майрамы Түркиянын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрдө да белгиленүүдө.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз