Воскресенье, 24 ноября

Венесуэла Америка мамлекеттеринин биримдигинен чыкты

0

Венесуэланын Тышкы иштер министри Хорхе Арреаса 27-апрель күнү Венесуэла америка мамлекеттеринин биримдигинен чыкканын жар  салды.

Венесуэланын президенти Николас Мадуро бул чечимди 2017-жылы апрелде айткан болчу. Мадуро өз мамлекетинин Америка мамлекеттеринин биримдигинен тезинен чыгаруусун талап кылган, бирок чыгуу мөөнөтү 2 жылга узап ушул жылдын 27-апрелинде аяктады. Бул датаны Мадуро өлкөсүндө майрам деп жарыялады. Николас Мадуро 10-январда 2025-жылга чейинки мөөнөткө президент болуп шайлангандан кийин Америка мамлекеттеринин биримдиги Мадуронун президенттигин таанышкан эмес.

21-январдан баштап Венесуэлада өлкө президенти Николас Мадурого каршы массалык нааразычылык митингдери башталган. Оппозициянын көзөмөлүндөгү Улуттук асамблеянын төрагасы Хуан Гуаидо өзүн убактылуу өлкө башчысы катары жарыялаган болчу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз