Воскресенье, 24 ноября

Кытайдын коргоо министри Вэй Фэнхэ Бишкекке келди

0

28-апрель күнү Кытайдын коргоо министири генерал Вей Фенхэ Бишкекке келди, бул тууралуу Кыргызстан Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдирди. Тараптар эки өлкөнүн коопсуздук маселелерин талкуулашты.

Генерал Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн жоолугушуусуна карай келди. Аны Кыргызстан куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын жетекчиси Раимберди Дүйшеев тосуп алды. “Шанхай кырматташтык уюмунун негизинде өлкөлөрүбүз арасында жылдан жылга бекемделип өнүгүп келе жаткан куралдуу күчтөрүбүздүн ортосунда узак жана бекем кызматташтык орнотулган”-деп айтты генерал Вей Фенхэ .

Тараптар эки өлкөнүн коопсуздук маселелерин талкуулашып, жыйынтыгында аскердик база жана аскердик техникалык кызматташтыктар тууралуу протокол түзүлүп, эки тараптең кол коюшту.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз