Суббота, 18 мая

Норвегия аскердик даярдыгын күчөттү

0

Орусия менен Украинанын ортосунда 24-февралда башталган согуштун айынан Норвегия аскердик даярдыктарын күчөткөнү белгилүү болду.

Норвегиянын премьер-министри Йонас Гар Стор:  «Орусиянын Норвегияга же башка өлкөгө түз басып кирүүгө ниеттенип жатат деп айтууга эч кандай негиз жок», — деди.  

Бирок Норвегиянын аскердик даярдыктарын күчөткөнүн белгилеген Стор, Орусия менен Украинанын ортосундагы согуштан мурда  өлкөсүнүн аскердик даярдык деңгээлин жогорулатканын белгиледи. Ал «бирок дагы сергек болушубуз керек»,- деди. 

Коргоо министри Бьорн Арилд Грам бул маселенин купуя экенин айтып, маалымат берүүдөн баш тартты.

Норвегиянын Түндүк уюлунда Орусия менен 198 километрдик чек арасы бар. 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз