Суббота, 18 мая

Кытай Баткенге 100миң доллар өлчөмүндө гумжардам берет

0

Кытай кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу жаңжалда жабыркаган Баткен облусунун тургундарына гуманитардык жардам бөлөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматта 2-ноябрь күнү тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвень менен жолукканы айтылат.

«Кытай тарап кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган Баткен облусунун тургундарына 100 миң долларлык гуманитардык жардам бөлүү чечимин кабыл алганын кабарлады», — деп жазылган билдирүүдө.

Тараптар Кытайдын тышкы иштер министри Ван Инин Кыргызстанга болгон сапары учурунда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну талкуулашкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз