Воскресенье, 24 ноября

Жээнбековдун Кытайга болгон иш сапары аяктады

0

Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытай Эл Республикасына болгон 26-апрелден 28-апрелге чейинки иш сапары аяктады. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында Жээнбеков менен КЭРнын төрагасы Си Цзеньпиндин ортосунда эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү жана эки тараптык стратегиялык кызматташтыктар талкууланды.

Өлкө башчысы «Бир алкак — бир жол» аттуу эл аралык экинчи форумдун ачылышына катышты.

Иш сапар алкагында Жеенбеков Кытай коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин саясий бюросунун Туруктуу комитетинин мүчөсү Ван Хунин, КЭР Коомдук илимдер академиясынын Тарых изилдөө институтунун директорунун орунбасары Тянь Бо, Кытай Байыркы тарыхты изилдөө институтунун чет өлкөлөр менен кызматташуу бөлүмүнүн жетекчиси Ли Цзиньсю жана CJI компаниясынын жетекчиси Ван Бинь менен жоолугушту.

Ошондой эле SINOMACH компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышты жана анын төрагасы  Чжан Сяолун менен жолугушту.

«Экспо-2019» көргөзмөсүнө катышып Эл аралык көргөзмөдөгү Кыргыз Республикасынын көргөзмө чатыры менен таанышты.

КЭРнын төрагасы Си Цзиньпин жана башка делегация мүчөлөрү менен биргеликте «Оазис достук» аянтына көчөт эгишти жана «Эл аралык багбанчылык көргөзмөсү -2019дун» ачылуу аземине катышты.

28-апрель Президенттин КЭРна иш сапары аяктап 29-апрелде өлкө башчысы Кыргызстанга кайтып келди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз