Президент Сооронбай Жээнбеков менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин Пекиндеги жолугушуусунда белгилүү болгондой Кыргызстанга мамлекеттик визит менен 2019-жылдын июнь айында Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин келет.
Си Цзиньпинь өз сөзүндө: «Өткөн жылы сиздин Кытайга болгон биринчи мамлекттик сапарыныз ийгиликтүү болду. Биз кызматташтыгыбызды стратегиялык өнөктөштүк денгээлине чыгарууну жарыялаганбыз. Биргелешкен аракет менен эки тараптуу кызматташтык туруктуу өнүгүп жатат, мен буга абдан кубанычтамын. Мен сиздин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакырууңузду кабыл алдым» — деп белгиледи.
Эскерте кетсек, Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасына 26-апрелден 28-апрелге чейин мамлекеттик сапар менен барып «Бир алкак — бир жол» форумуна жана башка иш чараларына катышып келди.