Воскресенье, 5 мая

Бүгүн эртең тоодогу жолдорго кар көчкү түшүүсү күтүлөт

0

Кыргызстандын унаа жолдоруна кар түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 16-17-ноябрь күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тактап айтканда,  Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу, 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) жана Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 5-14 чакырымдарында (Өтмөк ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз